Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз IIIсессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жыл 15-май №3/4 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Бирлик участкасынын тургуну Медет Тойгонбаевдин жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган кезектеги маселени кароонун негизинде, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Бирлик участкасынын тургуну Медет Тойгонбаевтин идентификациялык №5-02-04-1001-1720 сандуу жеке турак жайына берилген жалпы аянты 800,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 300,0 чарчы метр жер аянтын комерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчилике алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессясы токтом кылат:
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Бирлик участкасынын тургуну М.Тойгонбаевтин жазган арызы канааттандырылсын.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Бирлик участкасында жайгашкан идентификациялык коду №5-02-04-1001-1720 сандуу жеке турак жайына берилген, мамлекеттик актысы боюнча жалпы аянты 800,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 300,0 чарчы метр жер аянтын комерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек