Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом 3-11

Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын депутаттарынын

кезексиз III-сессиясы

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2026-жыл 15-май                                        №3/11                                            Гүлбаар айылы

 

 

Муниципалдык менчикте турган жер аянтына мечит куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү  жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган кезектеги маселени кароонун негизинде  Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаштык участкасынын № 245 контурунда жайгашкан  айыл өкмөтүнүң муниципалдык менчик жеринин 2000,0 чарчы метр жер аянтына мечит  куруу үчүн карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын                   2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчилике алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын кезексиз III сессясы токтом кылат:

 

1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык участкасындагы №245 контурунда жайгашкан муниципалдык менчик жер аянтына мечит куруу маселеси каралсын.

 

2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаштык участкасында №245 контурунда жайгашкан  2000,0 чарчы метр муниципалдык менчик жер аянтына мечит куруу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу  жагы  Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                   Абсатар уулу Мунарбек

 

Scroll to Top