Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз IIIсессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жыл 15-май № 3/3 Гүлбаар айылы
Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов атындагы борбордук көчөсүнүн узундугу 2000,0 метр жерине тротуар куруу жана жарыктандыруу орнотуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессясынын отуруму маселени карап, талкуулап чыгып токтом кылат:
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов атындагы борбордук көчөсүнүн узундугу 2000,0 метр жерине тротуар куруу жана жарыктандыруу орнотуу үчүн керектелүүчү каражат Ош облустук өнүктүрүү фондунан кароочу комиссиясынан суралсын.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов атындагы борбордук көчөсүнүн узундугу 2000,0 метр жерине тротуар куруу жана жарыктандыруу орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салымы катары 2,0 млн сом акча каражаты 2026-жылдагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2,0 млн сом акчалай каражат ажыратылып берилсин.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга тийиштүү болгон финансылык каражаттарды таап, мыйзам чегинде аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек