Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Токтом 3-5

Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын депутаттарынын

кезексиз III-сессиясы

 ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2026-жыл 15-май                                        №3/5                                             Гүлбаар айылы

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Бирлик участкасынын тургуну М. Матановдун жазган арызын кароо жөнүндө

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган кезектеги маселени кароонун негизинде, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Бирлик участкасынын тургуну Мурат Матановтун идентификациялык №5-02-04-1001-0580 сандуу жеке турак жайына берилген жалпы аянты 1200,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 200,0 чарчы метр жер аянтын комерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчилике алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын кезексиз III сессясы токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Бирлик участкасынын тургуну М.Матановтун жазган арызы канааттандырылсын.
  2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Бирлик участкасында жайгашкан идентификациялык коду №5-02-04-1001-0580 сандуу жеке турак жайына берилген, мамлекеттик актысы боюнча жалпы аянты 1200,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 200,0 чарчы метр жер аянтын комерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы         Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                    Абсатар уулу Мунарбек

Токтом 3-5

Scroll to Top