Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жыл 15-май №3/9 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Манас участкасынын тургуну К. Ормоновтун жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган кезектеги маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Манас участкасынын тургуну Кошокбай Ормоновтун идентификациялык №5-02-04-1001-0080 сандуу жеке турак жайына берилген жалпы аянты 2196,04 чарчы метр аянтынын ичинен 200,0 чарчы метр жер аянтын комерциялык багытка өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчилике алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессясы токтом кылат:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас участкасынын тургуну
Кошокбай Ормоновтун жазган арызы канааттандырылсын.
2 .Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас участкасында жайгашкан идентификациялык коду №5-02-04-1001-0080 сандуу жеке турак жайына берилген, мамлекеттик актысы боюнча жалпы аянты 2196,04 чарчы метр жер аянтынын ичинен 200,0 чарчы метр жер аянтын комерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек