Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жыл 15-май №3/2 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл аймагына атайын таштанды техниканы областык фонд аркылуу алуу жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө Ош областык өнүктүрүү фонд аркылуу таштанды ташуучу атайын техника алуу жөнүндө арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын башчысы Ж. Жусупбековдун жасаган баяндамасын угуп жана талкууулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 391– беренесин жетекчилике алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессясы токтом кылат:
- Керме-Тоо айыл аймагына областык фонд аркылуу таштанды ташуучу атайын техника алууга макулдук берилсин.
- Алынган атайын техниканы бүткүл мезгилине камсыздандыруу жана лизинге алынган техниканы өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
- Атайын техниканын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында өз убагында төлөө жагы Кыргыз Республиксынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
- Ош областык өнүктүрүү фонду менен келишим түзүү жана лизинг аркылуу алынуучу кызматтык авто унаага байланыштуу иш кагаздарын (документтерин) даярдоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С. Абдурасуловго милдеттендирилсин.
- Ош областык өнүктүрүү фонду менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жусупбековго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрөга Абсатар уулу Мунарбек