Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом №1/9

1-9 Жеңиш 3 көч. оңдоо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

АРАВАН РАЙОНУ

 

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК

 КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АРАВАНСКИЙ РАЙОН

 

КЕРМЕ-ТООСКИЙ

 АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги                                         I сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2026-жылдын 23-январы                           № 1/9                                  Гүлбаар айылы

 

Араван районунун  Керме-Тоо  айыл өкмөтүнүн  Гүлбаар  айылынын  Жениш-3  көчөсүнүн  узундугу 555 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү  жөнүндө.

Күн тартибиндеги маселе боюнча  айыл өкмөтүнүн  башчысынын билдирүүсүн угуп,  Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду  тандоо жана каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык  Керме-Тоо айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I  сессиясынын  олтуруму маселени карап, талкуулап чыгып токтом кылат.

1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы Жениш-3 көчөсүнүн  узундугу 555 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду  тандоо жана каржылоодо керектелүүчү каражат суралсын.

2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  Гүлбаар  айылынын  Жениш-3  көчөсүнүн  узундугу 555метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүүгө  Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду  тандоо жана каржылоо алкагында жалпы узундугу 555 метр жерге  асфальт төшөө үчүн айыл  өкмөтүнүн бюджетинен  салымы катары жалпы добоордун суммасынан  25% же 1 301,7  миң сом  акча каражаты 2026-жылдагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин эсебинен    каражат ажыратылып берилсин.

3.Жогорудагы  долбоорду  ишке ашырууга  тийиштүү болгон финансылык каражаттарды мыйзам  чегинде аткаруу жагы  айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысына  жүктөлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл  жүргүзүү  айылдык кеңешинин  экономика, бюджет  жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                        Абсатар уулу Мунарбек

 

 

Scroll to Top