Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жыл 15-май №3/11 Гүлбаар айылы
Муниципалдык менчикте турган жер аянтына мечит куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган кезектеги маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаштык участкасынын № 245 контурунда жайгашкан айыл өкмөтүнүң муниципалдык менчик жеринин 2000,0 чарчы метр жер аянтына мечит куруу үчүн карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчилике алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессясы токтом кылат:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык участкасындагы №245 контурунда жайгашкан муниципалдык менчик жер аянтына мечит куруу маселеси каралсын.
2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаштык участкасында №245 контурунда жайгашкан 2000,0 чарчы метр муниципалдык менчик жер аянтына мечит куруу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек