Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Токтом 3-8

Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын депутаттарынын

 кезексиз IIIсессиясы

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2026-жыл 15-май                                        №3/8                                               Гүлбаар айылы

 

 

Жеке ишкер З.Сатимбаеванын жазган арызын кароо жөнүндө

 

Жеке ишкер Сатимбаева Зарийпа жазган арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Миң-Башы жайлоосунан №345, №346, №352  контурундагы жайыт жеринен жалпы аянты              6000,0 чарчы метр жер аянтын туристик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуу укугу менен маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 80-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчилике алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын кезексиз III сессясы      токтом кылат:

 

  1. Жеке ишкер Сатимбаева Зарийпа жазган арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Миң-Башы жайлоосунан №345, №346, №352 контурундагы жайыт жеринен жалпы аянты 6000,0 чарчы метр жер аянты туристик максаттар үчүн  багыты өзгөрүлсүн.

 

  1. Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Миң-Башы жайлоосунан №345, №346, №352 контурундагы жайыт жеринен жалпы аянты 6000,0 чарчы метр жер аянтын туристик максаттар үчүн багыты өзгөрүлүп, иш кагаздарын даярдоо жагы        Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                               Абсатар уулу Мунарбек

 

Scroll to Top