1-7 туруктуу комиссия курамын бекитүү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫОШ ОБЛУСУ АРАВАН РАЙОНУ
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКАОШСКАЯ ОБЛАСТЬ АРАВАНСКИЙ РАЙОН
КЕРМЕ-ТООСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жылдын 23-январы №1/7 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга
карата иш планын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2025-жылга карата туруктуу комиссияларынын иш пландары боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
- Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (иш план тиркелет).
- Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына кабыл алынган иш план боюнча айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек
Керме-Тоо айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын 2026-жылдын 23-январындагы кезектеги I сессиясынын № 1/7 токтомунун №1 тиркемеси
Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссяларынын 2026-жылга
карата иш планы
| № | Карала турган маселелер | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | |
|
Сессияда карала турган маселелер |
||||
| 1 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө | Ж. Жусупбеков
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары |
1-квартал | |
| 2 | “Гүлбаар Таза-суу” муниципалдык ишканасын ишин угуу | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | 2-квартал | |
| 3 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2026-2026-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө | Ж. Жусупбеков,
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары |
3-квартал | |
Туруктуу комиссиялардын кеңешмелеринде каралуучу маселелер
| № | Карала турган маселелер | Кайсы комиссияда каралат | Аткаруу мөөнөтү |
| Сессияда карала турган маселелер | |||
| 1 | Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш планын түзүү | Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары | 1-квартал |
| Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга иш планы | |||
| 1 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн калкын таза жана суугат суулар менен камсыздоо жана ички арыктардын абалы жөнүндө | Ж. Жусупбеков
Айыл башчылар |
1-квартал |
| 2 | Дин багытындагы ар түрдүү секталардын таралышы, аларга жаш балдардын тартылышы жөнүндө | ИДН иниспектору
Соц. адис диний кызматкерлер |
2-квартал |
| 3 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында укук бузуучулуктун алдын алуу боюнча участкалык тескөөчүлөрдүн ишинин абалы | Участкалык тескөөчүлөр | 3-квартал |
| 4 | Жеке балдар бакчаларынын жана мектептеринин ишинин эффективдүүлүгү жөнүндө | ИДН иниспекторлору | 4-квартал |
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылга карата иш планы
| № | Карала турган маселелер | Кайсы комиссияда каралат | Аткаруу мөөнөтү | ||
| 1 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө | ФЭБ башчысы | 1-квартал | ||
| 2 | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча жасалган иштер жөнүндө | ФЭБ башчы, салыкчылар | 2-квартал | ||
| 3 | Жергиликтүу бюджеттин 1-жарым жылдыгынын аткарылышы, 2-жарым жылдыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү | ФЭБ башчы | 3-квартал | ||
Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга карата иш планы
| № | Карала турган маселелер | Кайсы комиссияда каралат | Аткаруу мөөнөтү | ||
| 1 | Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү каналдардын жана арыктардын санитардык абалы жөнүндө | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчылар | 1-квартал | ||
| 2 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын ички жолдорун оңдоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчылар | 2-квартал | ||
| 3 | 2026-2027-жылдарга карата Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчылар | 4-квартал | ||
Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга карата иш планы
| № | Карала турган маселелер | Кайсы комиссияда каралат | Аткаруу мөөнөтү | ||
| 1 | Айылдык кеңеште кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө | Туруктуу комиссиялар, Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | 3-квартал | ||
|
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга иш планы
|
|||||||
| 1 | Коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен иш алып баруу |
Туруктуу комиссия |
2-квартал |
||||
|
Уюштуруу практикалык иштер |
|||||||
| 1 | Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү | Айылдык кеңештин депутаттары | Мезгил мезгили менен | ||||
| 2 | Керме-Тоо айылдык кенешинин сессияларынын материалдарын даярдап сессияны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү | Айылдык кеңештин аппараты | Дайыма | ||||
| 3 | Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын кеңешмелерин өткөрүүгө жана күн тартибин даярдоого жардам берүү | Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары | Дайыма | ||||
| 4 | Элдерден жана мекеме ишканалардан түшкөн арыздарга өз убагында жооп берүү | Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары | дайыма | ||||
| 5 | Айылдык кеңештин депутаттарына берилген наказдардын аткарылышы боюнча сессияда билдирүү жасап туруу | Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары | дайыма | ||||
| 6 | Шайлоочулар берген наказдардын аткарылышы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын отчетторун уюштуруу | Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, туруктуу комиссиялардын төрагалары | Бир жылда бир жолу | ||||
Төрага Абсатар уулу Мунарбек
Катчысы М. Арзибоев