КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫОШ ОБЛУСУ АРАВАН РАЙОНУ
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКАОШСКАЯ ОБЛАСТЬ АРАВАНСКИЙ РАЙОН
КЕРМЕ-ТООСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жылдын 23-январы №1/2 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жылга
карата иш планын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планын түзүү жана бекитүү боюнча маселени Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан сунушталган иш планды угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
- Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жылга карата түзүлгөн иш планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (иш план тиркелет).
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январындагы № 1/2 токтомунун тиркемеси
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планы
| № п\п | Керме-Тоо айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу маселелердин аталышы | Сессиянын өтүүчү ай | Каралуучу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш кабыл алган чечим, токтом) |
|
I КВАРТАЛ
|
||||||
| 1. | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн “2024-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2025-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү, 2024-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун” бекитүү жөнүндө. Айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету |
Январь айы
|
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу, айылдык кеңештин депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
|
Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы, башкы адис, туруктуу комиссиянын төрагасы | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 2. | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө
|
Февраль айы |
Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу. | Айыл өкмөт башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар. | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 3. | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу жөнүндө
Мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлөө иштери жөнүндө |
Февраль айы |
– 2026-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу.
– туруктуу комиссиянын төрагасынынмаалыматын угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): – Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; – 2026-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; – Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; – жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. |
Жайыт комитетинин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары), вет.адис
|
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 4. | АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө
|
Февраль айы
|
Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда). |
Айыл өкмөт башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 5. | Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө
|
Февраль айы
|
Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысын угуу.
Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Төмөнкү долбоорлорду кароо жана бекитүү (зарыл болгон учурда): – Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын; – Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; – Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; – Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; – Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби жөнүндө жобону ж.б. Муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда). |
Айыл өкмөт башчысы (же АӨ башчысынын орун басары) | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 6. | Жазгы талаа иштерине өз убагында даярдык көрүү, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы жөнүндө
|
Февраль айы
|
Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, айыл өкмөтүнүн иш-чаралар пландары жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын маалыматын угуу:
– жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча, – жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; – көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, – жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. – Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу. |
Айыл өкмөт башчысы, (орун басары) ж.б. | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жана Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясы сессияда өздөрүнүн корутундусу боюнча баяндама жасашат жана бул маселе боюнча чечим кабыл алышат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 7. | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
|
Март айы |
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
– Айыл өкмөт башчысы (орун басары), айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусу. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу. Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү. |
Айыл өкмөт башчысы (орун басары, айыл башчылар
|
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| II КВАРТАЛ
|
||||||
| 8. | Коомдук тартиптин сакталышынын абалы жөнүндө
|
Апрель айы |
Коомдук тартипти коргоо жана мыйзам бузууларды болтурбоо маселелери боюнча 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
– Айыл өкмөт башчысы (башчынын орун басары), – Ички иштер бөлүмүнүн өкүлүн (участкалык милициянын- макулдашуу боюнча), – аксакалдар сотунун төрагасын, – укук бузуулар боюнча иштеген адистин; – билим берүү мекемелеринин (мектептер, лицейлер, ж.б.) жетекчилерин (макулдашуу боюнча); – Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы. Айыл өкмөтүнүн аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү. |
Айыл өкмөт башчысы (орун басары)
(участкалык милиция кызматкерлер), тартип бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы, айыл башчылар, аксакалдар сотунун төрагасы ж.б. |
Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 9. |
Апрель айы |
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу:
– Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары), – калкты ичүүчү менен камсыз кылуу, калктуу конуштун ичики ирригациясын, канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананын жетекчисин; – айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы. Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга, суугат сууга жана сууну тазалоо тарифти карап чыгуу жана бекитүү. Муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу. |
Айыл өкмөт башчысы (орун басары), муниципалдык ишкананын жетекчиси | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу | |
| 10. | Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу жөнүндө
|
Апрель айы |
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматты угуу:
– Айыл өкмөт башчысынын (орун басарынын); – билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (макулдашуу боюнча); – айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасынын. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу. Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн, ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында массалык спортту ишке ашыруу жана өнүктүрүү программаларын карап чыгуу жана бекитүү. Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу. |
Айыл өкмөт башчысы (орун басары), айыл башчылар, билим берүү мекемелеринин жетекчилери (макулдашуу боюнча) | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 11. | 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылу
|
Май айы |
Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, айылдык кеңештин депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2026-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы, туруктуу комиссиялар ж.б. | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн
бардык корутундуларын жалпылаштырат жана айылдык кеңештин сессиясында бирдиктүү корутунду катары баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынат |
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 12. | Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, муниципалдык жерлер тууралуу
|
Май айы |
Көрүстөндөрдүн иштешине жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүнө, муниципалдык жерлердин иштешин камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
– Айыл өкмөт башчысынын (орун басарынын); – Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун. Жергиликтүү бюджетте каражат болгондо каржылоо маселесин караштыруу. Бул маселелерди демөөрчүлөрдүн каражатынын, инвестициялардын, гранттардын ж.б. жардамы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу. |
Айыл өкмөт башчысы (орун басары, айыл башчылар ж.б.
|
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 13. | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралу |
Июнь айы |
Айыл өкмөт башчысынын (орун басарынын, зарыл болсо, бизнес коомчулуктун, башка кызыкдар тараптардын), калктуу конуштун ичинде же калктуу конуштардын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу.
Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу. Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү. |
Айыл өкмөт башчысы (транспорттук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык, физикалык жактар – макулдашуу боюнча). | Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
|
| III КВАРТАЛ
|
||||||
| 14. | 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу
Айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету
|
Июль айы |
Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу биринчи жыл үчүн Айыл өкмөтүнүн башчынын отчетун угуу. Айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, айылдык кеңештин депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
|
Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы, башкы адис, туруктуу комиссия | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
| 15. | 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө |
Июль айы |
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу:
– Айыл өкмөт башчысы (орун басары), – тийиштүү мекемелердин жетекчилери; – Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы. Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо
|
Айыл өкмөт башчысы (орун басары), тийиштүү мекемелердин жетекчилери | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 16. | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүнүн ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын көзөмөлдөө |
Июль айы |
Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн ишин жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды (эстеликтерди) коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо боюнча маалыматты угуу:
– Айыл өкмөт башчысын (орун басарын, китепканачыларын, маданий кызматкерлерин), – Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын. Бул жааттагы ишти жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды карап чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу. |
Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары) | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 17. | Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу
|
Июль айы |
Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары), жаштар боюнча, төмөнкү маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуу:
– элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, – бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, – балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, – айыл өкмөтүнүн аймагында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; – балдар укугун бузуу учурларын аныктоо жана укугу бузулган балдарга юридикалык жардам берүү. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. |
Айыл өкмөтүнүн башчысы (АӨ башчысынын орун басары, соц.жана жаштар маселелери боюнча адис), социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы, жаштар комитетинин төрагасы
|
Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 18. | Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө |
Сентябрь айы |
Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары), социалдык адисинин жана №8 ҮДТнун, Чөгөм жана Кичик-Алай айылындагы ФАПнын башчыларынын маалыматтарын угуу | Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары, социалдык маселелер боюнча адис), социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы
|
Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| IV КВАРТАЛ
|
||||||
| 19. | Жер пайдалануу, жер казынасы маселелерин кароо жөнүндө
|
Октябрь айы |
Жер пайдалануу, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
– Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басарынын), Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): – Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо – Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы; – Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу; – Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы. Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо |
Айыл өкмөт башчысы (орун басары), АӨгө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, (макулдашуу боюнча).
|
Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат
|
Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
|
| 20. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык көрүү жөнүндө
|
Октябрь айы |
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча айыл өкмөтү даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу иш-чаралар планын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу.
|
Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары) | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
|
| 21. | Билим берүү мекемелеринин аткарып жаткан иштери, билим берүүнүн абалы жөнүндө | Октябрь айы | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүүнүн абалы, саапаты жана алдыга койгон пландар тууралуу маалыматтарды угуу | Айыл өкмөтүнүн социалдык адиси жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу
|
| 22. | Айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо
|
Ноябрь айы |
Айылдык кеңештин жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, айыл өкмөтүнүн адистерине, айыл өкмөтүнүн жашоочуларына айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча АӨнүн башчысын (АӨнүн башчысынын орун басарын), АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. | Айыл өкмөтүнүн башчысы (орун басары), айылдык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялардын төрагалары | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу | |
| 23. | Айыл өкмөтүнүн өнүгүү программаларын жана пландарын, иш-чараларын аткарылышы жөнүндө жана эсепке алуу менен 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү |
Декабрь айы |
Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу:
– Айыл өкмөтүнүн башчысын (ФЭБ башчысын), – Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы, – башка кызыкдар адамдардын өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет.
|
Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы, башкы адис, туруктуу комиссия | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алат | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу |
| 24. | Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү | Декабрь айы | Айыл өкмөт башчы (орун басары), айылдык кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын маалыматын угуу. | Айыл өкмөт башчы (орун басары), айылдык кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялары | Айыл өкмөт башчы (орун басары), айылдык кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын | |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2026-жыл үчүн уюштуруу практикалык иштери
| № | Иш чаралар | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
| 1 | Жергиликтүү калк менен иштоо, жарандардын жеке арызын жана даттануларын кароо, аларды жеке маселелер боюнча кабыл алуу | Айылдык кеңештин депутаттары | Дайыма
|
| 2 | Айылдарда элдик жыйындарды өткөрүү, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруу жана аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтарды берип туруу | Айылдык кеңештин депутаттары | Дайыма |
| 3 | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүп туруу | Туруктуу комиссиялар | Ар бир кварталда бир жолу |
| 4 | Айылдык кеңештин отурумдарында айтылган сын-пикир, сунуштардын аткарылышы боюнча маалыматтарды угуу | Туруктуу комиссиялар, айыл өкмөтүнүн башчысы же орун басары | Ар дайым |
| 5 | Депутаттардын аткарылган иштери боюнча отчетторун кабыл алуу | Айылдык кеңеш | 1 жылда бир жолу |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы Абсатар уулу Мунарбек
Катчы М. Арзибоев
| Эскертүү!
* Айылдык кеңештин иш планында көрсөтүлгөн маселелер бардык туруктуу комиссиялар тарабынан өз иш пландарында маселелердин тиешелүүлүгүнө карата белгиленүүсү керек.
* Айылдык кеңештин иш планында көрсөтүлгөн маселелер толук камтылган деп эсептелбейт жана жергиликтүү кеңештерге алардын туруктуу комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана мамлекеттик органдардын, башка уюмдар менен мекемелердин ыйгарым укуктарына таандык болбогон башка маселелерди кароону чектебейт.
* Aйылдык кеңештин иш планында каралган маселелер туруктуу комиссиялар тарабынан алдын-ала каралып, алар боюнча айылдык кеңештин тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан жана айылдык кеңештин токтомунун (токтом, тескеме) долбоору даярдалгандан кийин сессиянын күн тартибине киргизилет.
* Типтүү иш планда белгиленген маселелер алдын ала каралып, туруктуу комиссиянын тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан кийин ченемдик укуктук акт кабыл алынса, туруктуу комиссия каралып жаткан маселе боюнча айылдык кеңештин токтомунун долбоорун даярдайт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-23-беренелеринин талаптарына ылайык, АК токтомунун долбоорун бир айдан кем эмес мөөнөткө ЖӨБ органдарынын расмий сайтына же болбосо расмий жарыялоонун башка булактарына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга чыгарат.
|