Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 9-декабры № 8/2 Гүлбаар айылы
Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибиндеги 2-маселени кароонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ №62 жарлыгына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын” “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, 2025-жылдын 4-декабрындагы №8 протоколун негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1.Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу максатында “Байдамтал” ЖЧКсынын директору А. Мирзаматовдун арызы канаттандырылсын.
- Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылынын №60,62,63,89,90,93 контурунан 5,7 га чакан ГЭС куруу максатында ЖЧК “Байдамтал” коомуна мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
- Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылынын №60,62,63,89,90,93 контурдун ичинде жайгашкан дарыя жээгине чакан ГЭС курууга тийиштүү зарыл болгон документтерди даярдап берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө сунушталсын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек