ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 9-октябры №7/10 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн С.Эшматов атындагы көчөсүнүн жол четине тротуар салуу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибиндеги коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын С. Эшматов атындагы көчөсүнүн жол четине тротуар саалуу демилгеси боюнча карап жана талкуулап чыгып, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын С. Эшматов атындагы көчөсүнүн узундугу 500 метр болгон жол четине тротуар саалуу боюнча акча каражаты Ош облусунун өнүктүрүү фондунан суралсын.
2.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга тийиштүү болгон фининсылык
каражаттарды таап, мыйзам чегинде аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек