Керме-Тоо айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 10-октябры № 7/9 Гүлбаар айылы
Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Ынтымак көчөсүнүн узундугу 660 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп КРнын Финансы Министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жана КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна ылайык дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык Керме-Тоо айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын олтуруму маселени карап, талкуулап чыгып токтом кылат.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы Ынтымак көчөсүнүн узундугу 660
метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын кароочу комиссиясынан суралсын.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Ынтымак көчөсүнүн узундугу 660
метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүүгө КРнын Финансы Министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын алкагында жалпы узундугу 660 метр жерге асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен салымы катары 1984,0 миң сом акча каражаты 2026-жылдагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1984,0 миң сом акчалай каражат ажыратылып берилсин.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга тийиштүү болгон финансылык каражаттарды
таап, мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин экономика,
бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Абсатар у Мунарбек