Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 9-октябрь № 7/8 Гүлбаар айылы
Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу тоолу Байдамтал, Миң-Теке, Сары-Булак, айылдарын, айыл статусунан ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149-сандуу токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын талаптарына ылайык Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал, Сары-Булак, Миң-Теке айылдарын айыл статусун жокко чыгаруу боюнча, 2023-жылдын 22-декабрындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
- “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу”
Мыйзамынын талаптарына ылайык Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал, Сары-Булак, Миң-Теке айылдарынын айыл статусун жокко чыгарууга макулдук берилсин.
- Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал, Сары-Булак, Миң-Теке айылдарынын айыл статусун жокко чыгаруу боюнча тиешелүү иш-кагаздарын тактап, тиешелүү жактарга жөнөтүп, иш алып баруу жагы Керме – Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек