Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом №7/7

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                               VII сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2025-жылдын 8-октябры                             № 7/7                             Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен      камсыздоо максатында Ош облустук өнүктүрүү

фондуна кайрылуу жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 3-маселени кароонун негизинде “Араван-Ак-Буура” каналы 2025-жылдын 15-сентябрынан 2026-жылдын                        15-мартына чейинки аралыкта реконструкциялоо иштери жүрүп жаткандыктан толугу менен суу берүү токтотулгандыгына байланыштуу жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан 2 (эки) даана 10 тонна суу батуучу водовоз автоунаасын алуу боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 274-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын калкынын таза сууга болгон муктаждыгын эске алып, жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондуна 2 (эки) даана 10 тонна суу батуучу водовоз автоунаасын алуу боюнча расмий кайрылуу жөнөтүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштыруу жана тиешелүү документтерди даярдап, Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                Абсатар уулу М.

 

Scroll to Top