Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом №7/6

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                               VII сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2025-жылдын 8-октябры                             № 7/6                              Гүлбаар айылы

 

 

Электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылган

иштер жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 3-маселени кароонун негизинде Араван райондук электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын                                       9-сентябрындагы №01-5/206 сандуу чыгуу катына ылайык, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылы менен Сайназаров көчөсүндө көмөкчү чордон курулуп жана аба чубалгылар тартылгандыгына байланыштуу жүргүзүлгөн иштерди кароо үчүн маселени кезексиз сессияда карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

  1. Араван райондук электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы №01-5/206 сандуу катында көрсөтүлгөн иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
  2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылына менен Сайназаров көчөсүндө көмөкчү чордон куруп, аба чубалгыларын тартылгандыгына байланыштуу жумуш жүргөн объектилерге тиешелүү токтомдорду чыгаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                 Абсатар уулу М.

Scroll to Top