Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Токтом № 7/4

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                               VII сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2025-жылдын 8-октябры                             № 7/4                             Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылынын тургуну

Исманов Канатбектин арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 3-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылынын тургуну Исманов Канатбектин жеке менчик 2062,0 чарчы метр турак жай жеринен 200 чарчы метр жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылынын тургуну Исманов Канатбектин жеке менчик 2062,0 чарчы метр турак жай жеринен 200 чарчы метр жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
  2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылынын тургуну Исманов Канатбектин жеке менчик 2062,0 чарчы метр турак жай жеринен 200 чарчы метр жерин коммерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                 Абсатар уулу М.

 

Scroll to Top