Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Токтом 1/3

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

АРАВАН РАЙОНУ

 

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК

КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АРАВАНСКИЙ РАЙОН

 

КЕРМЕ-ТООСКИЙ

АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                             II сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2026-жылдын 11-марты                                 № 1/3                                           Гүлбаар айылы

 

 

Гүлбаар  айылынын тургуну Эргешов Бакытбек Мадановичтин жазган

арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Эргеш Мамаев көчөсүнүн №38/1 үйүнүн тургуну Эргешов Бакытбек Мадановичтин  жазган арызын карап, жана талкуулап чыгып, айыл тургундарынын диний муктаждыктарын канааттандырууда, мечиттин ролу чоң экенин эске алып, анда Бакытбек Эргешовдун жеке менчигине  таандык болгон 2003-жылдын 10-апрелиндеги жасалган №16/661 идентификациялык номери              5-02-04-1008-1787 көрсөтүлгөн 500,0 чарчы метр жер участогу өз эрки менен “Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына” өткөрүп берүү демилгесин канааттандыруу максатында,  Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Эргеш Мамаев көчөсүнүн үй №38/1 Эргешов Бакытбек Мадановичтин мечитиндеги 2003-жылдын 10-апрелиндеги Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө жасалган №16/661 идентификациялык номери 5-02-04-1008-1787 көрсөтүлгөн 500,0 чарчы метр жер участогун турак жай жер тилкеси багытында катталган жер аянтын “Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына”   өткөрүп берип жаткандыгын эске алуу менен мечиттин жери деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Гүлбаар айылынын Эргеш Мамаев көчөсүнүн үй №38/1 Эргешов Бакытбек Мадановичтин менчигиндеги жер участогуна Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан мыйзамдуулугун карап, КРнын жер мамилелери боюнча укуктук ченемдик актылары, тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                              Абсатар уулу Мунарбек

 

 

 

Scroll to Top