Керме-Тоо айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
Т О К Т О М
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жыл 26-декабры №8/3 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталына жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзөртүү киргизүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык округу тарабынан даярдалып, айылдык округунун экономикалык жана социальдык өнүүсүнүн 2025 –жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Керме-Тоо айылдык округу тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары тарабынан айылдык округунун 2025 –жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Керме-Тоо айылдык Кенешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат.
- Керме-Тоо айылдык округунун 2025-жылдын IV кварталында жергиликтүү
бюджетинин киреше бөлүгүнүн кошумча түшкөн кирешелеринин эсебинен өзгөрүүлөрү №1 тиркимеге карата бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
- Керме-Тоо айылдык округунун 2025-жылдын IV кварталы ичинде
жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү
№ 2 тиркемеге карата бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык
менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга жүктүлсүн.
Төрага Абсатар уулу М.
Керме-Тоо айылдык Кенешинин VIII кезексиз сессиясынын № 8/3 токтомуна
№ 1 тиркеме
Керме-Тоо айылдык округунун 2025-жылдын 4-кварталында жергилитуу бюджетинин кирешеси, жыл башына бекитилген планга карата озгоруулору томондогучо:
| № | Кирешелердин аталышы | Алымча (мин сом) | Кошумча (мин сом) |
| 1 | Патент салыгы | +350,0 | |
| Бардыгы: | +350,0 |
Төрага Абсатар уулу М
Керме-Тоо айылдык Кенешинин VIII кезексиз сессиясынын № 8/3 токтомуна
№ 2 тиркеме
Керме-Тоо айылдык округунун 2025-жылдын 4-кварталында жергиликтуу бюджетинин каражаттарынын чыгаша болугунун кошумчасы томондогучо.
| Берененин аталышы | Берене | Алымча (-) | Кошумча (+) |
| Аппарат | |||
| Эмгек акыга | 2111 | +129,0 | |
| Соц.фондко | 2121 | +21,0 | |
| Билим берүүгө(толук эмес орто мектеб) | |||
| Учурдагы ремонт иштерине | 2221 | +200,0 | |
| Бардыгы бюджет | +350,0 | ||
Төрага Абсатар уулу М