Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом №7/8

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                       VIII сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2025-жылдын 9-октябрь                          № 7/8                             Гүлбаар айылы

 

Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу тоолу Байдамтал, Миң-Теке, Сары-Булак,  айылдарын, айыл статусунан ажыратуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149-сандуу токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу”  жөнүндөгү  мыйзамынын талаптарына ылайык Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал, Сары-Булак, Миң-Теке айылдарын айыл статусун жокко чыгаруу боюнча, 2023-жылдын 22-декабрындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде  Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы  токтом кылат:

 

  1. “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу”

Мыйзамынын талаптарына ылайык Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал, Сары-Булак, Миң-Теке айылдарынын айыл статусун жокко чыгарууга макулдук берилсин.

 

  1. Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал, Сары-Булак, Миң-Теке айылдарынын айыл статусун жокко чыгаруу боюнча тиешелүү иш-кагаздарын тактап, тиешелүү жактарга жөнөтүп, иш алып баруу жагы Керме – Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                          Абсатар уулу Мунарбек

 

Scroll to Top