Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом №7/5

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                         VII сессиясы

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2025-жылдын 9-октябры                           № 7/5                                        Гүлбаар айылы

Араван районунун  Керме-Тоо  айыл өкмөтүнүн  Гүлбаар  айылынын  Жениш 3  көчөсүнүн  узундугу 555 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү  жөнүндө.

Күн тартибиндеги маселе боюнча  айыл өкмөтүнүн  башчысынын билдирүүсүн угуп  КРнын  Финансы Министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк)  гранттын жана   КРнын Өкмөтүнүн  2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна ылайык дем берүүчү (үлүштүк)  гранттардын эсебинен долбоорлорду  тандоо жана каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык  Керме-Тоо айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII  сессиясынын  олтуруму маселени карап, талкуулап чыгып токтом кылат.

1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы Жениш 3 көчөсүнүн  узундугу 555 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк)  гранттын  кароочу комиссиясынан суралсын.

2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  Гүлбаар  айылынын  Жениш 3  көчөсүнүн  узундугу 555метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүүгө  КРнын Финансы Министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк)  гранттын алкагында жалпы узундугу 555 метр жерге  асфальт төшөө үчүн айыл  өкмөтүнүн бюджетинен  салымы катары  800,0 миң сом  акча каражаты 2026-жылдагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин эсебинен  800,0 миң сом  акчалай каражат ажыратылып берилсин.

3.Жогорудагы  долбоорду  ишке ашырууга  тийиштүү болгон финансылык каражаттарды таап,  мыйзам  чегинде аткаруу жагы  айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысына  жүктөлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл  жүргүзүү  айылдык кеңешинин  экономика, бюджет  жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                  Абсатар у Мунарбек

Scroll to Top