Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом №1/7

1-7 туруктуу комиссия курамын бекитүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

АРАВАН РАЙОНУ

 

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК

 КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АРАВАНСКИЙ РАЙОН

 

КЕРМЕ-ТООСКИЙ

 АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги                                       I сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

                                   

2026-жылдын 23-январы                             №1/7                              Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга

карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын                       2025-жылга карата туруктуу комиссияларынын иш пландары боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (иш план тиркелет).
  2. Керме-Тоо айылдык кеңешинин  туруктуу комиссияларынын төрагаларына кабыл алынган иш план боюнча айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                         Абсатар уулу Мунарбек

 

 

 

                                                                                                                                

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын 2026-жылдын                   23-январындагы кезектеги I сессиясынын № 1/7 токтомунун                     №1 тиркемеси

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссяларынын 2026-жылга

карата иш планы

 

Карала турган маселелер Аткаруучулар Аткаруу мөөнөтү
 

Сессияда карала турган маселелер

1 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  башчысынын 2025-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету  Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн                2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө Ж. Жусупбеков

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

1-квартал
2 “Гүлбаар Таза-суу” муниципалдык ишканасын ишин угуу Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы 2-квартал
3 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  2026-2026-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө Ж. Жусупбеков,

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

3-квартал

 

     Туруктуу  комиссиялардын кеңешмелеринде каралуучу маселелер

 

Карала турган маселелер Кайсы комиссияда каралат Аткаруу мөөнөтү
Сессияда карала турган маселелер
1 Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш планын түзүү Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары 1-квартал
Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга иш планы
1 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн калкын таза жана суугат суулар менен камсыздоо  жана ички арыктардын абалы жөнүндө Ж. Жусупбеков

Айыл башчылар

1-квартал
2 Дин багытындагы ар түрдүү секталардын таралышы, аларга жаш балдардын тартылышы жөнүндө ИДН иниспектору

Соц. адис диний кызматкерлер

2-квартал
3 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында укук бузуучулуктун  алдын алуу боюнча участкалык  тескөөчүлөрдүн ишинин абалы Участкалык тескөөчүлөр 3-квартал
4 Жеке балдар бакчаларынын жана мектептеринин ишинин эффективдүүлүгү жөнүндө ИДН иниспекторлору 4-квартал

 

Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын                      2025-жылга карата иш планы

 

Карала турган маселелер Кайсы комиссияда каралат Аткаруу мөөнөтү
1 Керме-Тоо айыл  өкмөтүнүн  2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысы 1-квартал
2 Жергиликтүү бюджеттин  киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча жасалган иштер жөнүндө ФЭБ башчы, салыкчылар 2-квартал
3 Жергиликтүу бюджеттин 1-жарым жылдыгынын аткарылышы, 2-жарым жылдыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү ФЭБ башчы 3-квартал

 

Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга карата иш планы

 

Карала турган маселелер Кайсы комиссияда каралат Аткаруу мөөнөтү
1 Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү каналдардын жана арыктардын  санитардык абалы жөнүндө Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчылар 1-квартал
2 Керме-Тоо айыл өкмөтүнө  караштуу айылдардын ички жолдорун оңдоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчылар 2-квартал
3 2026-2027-жылдарга карата Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчылар 4-квартал

 

 

 

Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын                   2026-жылга карата иш планы

 

Карала турган маселелер Кайсы комиссияда каралат Аткаруу мөөнөтү
1 Айылдык кеңеште кабыл алынган токтомдордун  аткарылышы жөнүндө Туруктуу комиссиялар, Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 3-квартал

 

 

 

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга иш планы

 

1 Коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен иш алып баруу  

Туруктуу комиссия

 

2-квартал

 

Уюштуруу практикалык иштер

1 Керме-Тоо айылдык кеңешинин  депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү Айылдык кеңештин депутаттары Мезгил мезгили менен
2 Керме-Тоо айылдык кенешинин  сессияларынын материалдарын даярдап сессияны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү Айылдык кеңештин аппараты Дайыма
3 Керме-Тоо айылдык кеңешинин  туруктуу комиссияларынын кеңешмелерин өткөрүүгө жана күн тартибин даярдоого жардам берүү Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Дайыма
4 Элдерден жана мекеме ишканалардан түшкөн арыздарга өз убагында жооп берүү Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары дайыма
5 Айылдык кеңештин депутаттарына берилген наказдардын аткарылышы боюнча сессияда билдирүү жасап туруу Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары дайыма
6 Шайлоочулар берген наказдардын аткарылышы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын отчетторун уюштуруу Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, туруктуу комиссиялардын төрагалары Бир жылда бир жолу

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                Абсатар уулу Мунарбек

 

 

 

 

Катчысы                                                                                      М. Арзибоев

 

Scroll to Top