Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Токтом №1-4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

АРАВАН РАЙОНУ

 

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК

КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АРАВАНСКИЙ РАЙОН

 

КЕРМЕ-ТООСКИЙ

АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                              II сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2026-жылдын 12-марты                             № 1/4                                             Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл аймагындагы борбордук маданият үйүн кароо жөнүндө.

 

Керме-Тоо   айылдык   кеңеши   Гүлбаар   айылынын   борбордук   маданият   үйүн маданий-эстетикалык жактан өнүктүрүү жана жаштарга кыргыздын маданий баалуулуктарын таанытуу, келечек муундарга туура багыт көрсөтүү максатында, жергиликтүү жарандардын билдирүү, талаптарын угуп, талкуулап,  жетекчиликке алып, талапка ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүү максатында, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз    II  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл аймагындагы Гүлбаар айылынын борбордук маданият үйүн талапка ылайык келечек муундарды туура тарбиялоо демилгесин колдоо максатында мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
  2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу борбордук маданият үйүнүн иш аракеттерин уюштуруу жана документтик иш кагаздарын мыйзамга ылайык иштеп чыгуу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                Абсатар уулу Мунарбек

Scroll to Top