КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫОШ ОБЛУСУ АРАВАН РАЙОНУ
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКАОШСКАЯ ОБЛАСТЬ АРАВАНСКИЙ РАЙОН
КЕРМЕ-ТООСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жылдын 23-январы №1/4 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин
аткарылышы жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча (бюджет 2118.9+49.0) = 2167.9 миң сомду кошкондо жалпы киреше 38425,5 миң сомду түзөт, ал эми чыгашалардын аткарылышы 35618,6 миң сомду түзүп, киреше чыгашадан 2025-жылдын 1-январына карата 2806.7 миң сомду түзүп, анын ичинен (бюджеттен 2790.8 миң сом, атайын эсеп счетунда 15.9 миң сом) артыкчылыгы менен белгиленсин.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы атайын эсеп счетунун аткарылышы жыл башындагы калдыгы 49.0 миң сом ата-энелерден түшкөн киреше 836.7 миң сом, жалпы киреше 885.7 миң сомду түзөт, ал эми чыгаша бөлүгү берене 2218 ыссык тамак 869.8 миң сом, 2025-жылдын 1-январына 15.9 миң сомду түздү. № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек
Керме-Тоо айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын 2026-жылдын 23-январындагы кезектеги
I сессиясынын № 1/4 токтомунун
№1 тиркемеси
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
| № | Кирешелер | Суммасы (миң сом) |
| 1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 14629,9 |
| 2 | Пайда салыгы | |
| 3 | Милдеттүү патентик негизде төлөм | 671,3 |
| 4 | Кыймылсыз мүлккө салык | 308,6 |
| 5 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 1768,2 |
| 6 | Тамарка жер участкаларынын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 385,6 |
| 7 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерден пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 16,0 |
| 8 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1394,4 |
| 9 | Атайын кызмат.салыктар (көмүр, акиташ, курулуш таштары) | 458,2 |
| 10 | ||
| 11 | Таштандыларды алып чыгуу салыгы | 189,6 |
| 12 | Жердин ижарасы учун акы толоо (ФПС) | 807,4 |
| 13 | Отч.на развития и содер.инфрас.мес.наз | 144,5 |
| 14 | Лицензия ( жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы учун акы толоо ) | 149,9 |
| 15 | Калктуу конуштардын ижарасы үчүн акы төлөө | |
| 16 | Жайыттын аренда акысы | 497,4 |
| 17 | Ата-энелерден түшүүчү салым | 836,8 |
| 18 | Теңдештирүүчү грант | 12342,7 |
| 19 | Средства передаваемые (статистин айлыгы347,7, светин компен 230,4, жер салык 785,0 | 1363,1 |
| 20 | 2024-жылдын 1-январына калдык акча бюджет | 2790,8 |
| 21 | 2024-жылдын 1-январына спец. счеттон | 15,9 |
| Бардык сумма: | 38425,6 |
Керме-Тоо айылдык
кеңешинин төрагасы Абсатар уулу Мунарбек
Керме-Тоо айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын 2026-жылдын 23-январындагы кезектеги
I сессиясынын № 1/4 токтомунун
№2-тиркемеси
2024 -жылдын айылдык бюджетинин чыгаша бөлүгү
| № | Чыгашалар | Сумма |
| 1 | Аппарат | 15119,2 |
| 2 | Айыл чарба тармагы | 799,3 |
| 3 | Жайыт комитети | 437,7 |
| 4 | Турак-жай коммуналдык чарба (ЖКХ) | 8833,8 |
| 5 | Маданият тармагы | 2404,9 |
| 6 | Жыйынтык билим берүү (спец.счет) | 6648,4 |
| 7 | Социалдык жеңилдиктер | 1575,4 |
| Баардыгы: | 35618,6 |
Керме-Тоо айылдык
кеңешинин төрагасы Абсатар уулу Мунарбек
Керме-Тоо айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын 2026-жылдын 23-январындагы кезектеги
I сессиясынын № 1/4 токтомунун
№3 тиркемеси
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата казынадагы акча калдыгы 49,0 миң сом акча каражатын төмөнкү беренелерге жумшалсын
| № п/п | Берененин аталышы | Берене | Суммасы |
| 1 | 2024-жыл башындагы калдык сумма | 49,0 | |
| 2 | Ата-энелерден түшкөн салым | 836,7 | |
| 3 | Бардык киреше | 885,7 | |
| 4 | Чыгаша бөлүгү | 22181100 | 869,8 |
| 5 | 2024-жылдын 1-январына карата калдык | 15,9 |
Керме-Тоо айылдык
кеңешинин төрагасы Абсатар уулу Мунарбек