Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

токтом №1/14

1-14 Чөгөм мектеби жана Гүлбаар айылы электр

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

АРАВАН РАЙОНУ

 

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АРАВАНСКИЙ РАЙОН

 

КЕРМЕ-ТООСКИЙ

 АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  I  сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

 

2026-жылдын 2-февралы                          №1/14                          Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл аймагындагы бийик тоолуу айылдагы № 14 Чөгөм орто мектебине окуу куралдарын жана инвентарларды алуу боюнча жана Гүлбаар айылынын жаңы конуштарга электр жабдыктарын сатып алууда Араван райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибиндеги коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу алыскы бийик тоолуу Чөгөм айылылынын № 14 орто мектебине окуу куралдарын, инвентарларды алуу жана Гүлбаар айылынын жаңы конуштарына электр жабдыктарын сатып алуу  демилгеси боюнча карап жана талкуулап чыгып, Араван райондук өнүктүрүү фондунан эсебинен каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу алыскы бийик тоолуу Чөгөм айылылынын № 14 Чөгөм орто мектебине окуу куралдарын, инвентарларды алуу жана Гүлбаар айылынын жаңы конуштарына электр жабдыктарын сатып алуу демилгеси боюнча карап жана талкуулап чыгып, Араван райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

2.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга тийиштүү болгон фининсылык

каражаттарды карап, мыйзам чегинде аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                         Абсатар уулу Мунарбек

 

Scroll to Top