КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫОШ ОБЛУСУ АРАВАН РАЙОНУ
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКАОШСКАЯ ОБЛАСТЬ АРАВАНСКИЙ РАЙОН
КЕРМЕ-ТООСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жылдын 23-январы №1/13 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылышы жана 2026-жылга бюджетин
бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылышы боюнча маалыматы жактырылсын.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын тиркемеге ылайык 2026-жылга сметасы бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек