Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 8-октябры №7/3 Гүлбаар айылы
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Манас айылынын тургундарынын Манас айылындагы жаңы калктуу конуштагы ички көчөнүн аты жок болгондуктан “Айтиев Мамат” атындагы көчө деп атын коюу жөнүндөгү 22 адам кол койгон жамааттык арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы №559 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндөгү” Жобосун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
- Манас айылынын тургундарынын Манас айылындагы жаңы калктуу конуштагы ички көчөнүн аты жок болгондуктан “Айтиев Мамат” атындагы көчө деп атын коюу жөнүндөгү 22 адам колгон жамааттык арызы канааттандырылсын.
- Манас айылынын жаңы кактуу конушундагы ички көчөсүндөгү Ариков Мирландын үйүнөн баштап Калмуратов Курманбектин үйүнө чейинки ички көчөгө маркум “Айтиев Маматтын” ысымы ыйгарылсын.
- Турак үйлөргө даректүү номерлерди берүү, керектүү иш кагаздарын даярдоо жана тийиштүү мекемелерден каттоодон өткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Көчөгө аты коюлган маркум Айтиев Маматтын үй-бүлө мүчөлөрүнө “Айтиев Мамат” көчөсүнө көрөнөктү тургузуу, көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө, шагыл төгүү, жарыктандыруу ж.б.) чечүүгө түздөн түз катышуусу колго алынсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Манас айылынын айыл башчысы А.Мирзаевге жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу М.