Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн тарыхы

Керме-Тоо айыл аймагы 1996-жылы 3-майда түзүлгөн. Айыл өкмөтүнүн борбору Гулбаар айылы.Ош шаарынан 13 км, темир жолдон 17 км,  Ош аэропортунан 25 км, ал эми район борборунан 22 км алыс  аралыкта жайгашкан. Облустун борборуна жана райондун борборуна каттамдар Ош-Араван республикалык маанидеги жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Ал эми, бийик тоолуу Чөгөм, Кичик-Алай айылдары: Чөгөм айылы райондун борборунан 122 км, ал эми облустун борбору Ош шаарынан 100 км алыс аралыкта жайгашкан. Тутумуна Күндөлүк, Сары-Булак, Байдам-Тал айылдары кирет. Айылда 1 орто мектеп, 1 ФАП, 1 суу чыгаруучу цех бар. Керме-Тоо айыл аймагындагы  негизги көйгөйлөр таза суу, жол, бала бакча, мектептерди куруу болуп эсептелет.

Кичик-Алай айылы райондун борборунан 137 км, Ош шаарынан 115 км алыс аралыкта жайгашкан. Тутумуна Кызыл-Шоро, Миң-Теке айылдары кирет. Айылда 1 орто мектеп, 1 ФАП, 1 метеорологиялык станция бар.  

Керме-Тоо айыл аймагы жалпысынан 13 айылдан турат. 7 айыл Гулбаар айылында, 6 айыл алыскы бийик тоолуу Чөгөм, Кичик-Алай айылдарынын аймагында жайгашкан. Айыл аймагы дениз денгээлинен 1100-2800 метр бийиктикте жайгашкан. Керме-Тоо айыл аймагынын жалпы аянты 29462 чарчы метр жер аянтты ээлейт же бобосо райондо аймагы боюнча экинчи орунда турат. Айдоо аянттары 1023 га, кайрак айдоо 291 га, тамарка жер аянты 476 га, муниципалдык жерлер 16,21  га, кайра бөлүштүрүү жер аянттары 305 га, жайыт жерлери  2500 га. Керме-Тоо айыл аймагы агрардыктан өндүрүшкө багыт алып жаткан айыл аймагы. Калктын 2024-жылдын 1-январына карата эсептелген саны боюнча Керме-Тоо айыл аймагында 1934 түтүн кожолукта 13043 адам жашайт.

Scroll to Top