Урматтуу Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гулбаар айылынын тургундары!
Сиздерге маалымдайбыз, Ош областык Суу чарба департаменти тарабынан Ак-Буура каналы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү. Бул иштердин негизги максаты – каналдын техникалык абалын жакшыртуу, суу жоготууларды азайтуу жана келечекте айыл чарбасын, калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо болуп эсептелет.
Жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, Гулбаар айылы боюнча суу берүү 2025-жылдын 15-сентябрынан тарта убактылуу токтотулуп, 2026-жылдын апрелине чейин уланат.
Урматтуу айылдаштар, ушул мезгил аралыгында суунун берилбей калышы белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратары түшүнүктүү. Ошондуктан:
• Сууну алдын ала камдап алууңуздарды,
• Үй чарбада жана айыл чарба иштеринде сууну үнөмдүү пайдаланууңуздарды,
• Ушул жагдайды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнүп кетебиз.
Аталган канал толук реконструкциядан өтүп жаңыланса дагы алтымыш жыл элге кызмат кылмакчы. Андыктан сиздерден туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранып кетебиз
Бул убактылуу ыңгайсыздыктар оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин суу берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт деп ишенебиз.
Керме-Тоо айыл өкмөтү
