Урматтуу Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундары, “Жер укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун негизинде мунапыс менен берилген үйлөрдү арасында калып кеткен, бош (курулуш жок) чектерге чечими бар жерлерди мыйзамдаштыруу максатында, 2025-жылдын 1-июнуна чейин арыздарыңызды тапшырууңуздар зарыл. Андан соң жер мунапысынын мөөнөтү аяктарын билдирем.
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Б.Мамажунусов
