Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                               VI сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2025-жылдын 4-сентябры                      № 6/2                                       Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну

Абдигапар уулу Илязбектин арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 2-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну Абдигапар уулу Илязбектин жеке менчик 1280,0 чарчы метр турак жай жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну Абдигапар уулу Илязбектин жеке менчик 1280,0 чарчы метр турак жай жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
  2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну Абдигапар уулу Илязбектин жеке менчик 1280,0 чарчы метр турак жай жерин коммерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                  Абсатар уулу М.

 

Scroll to Top