Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                        VI сессиясы

 

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

 

2025-жылдын 04-cентябры                     №6/1                                       Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышын камсыздоо жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган 2-маселени кароо боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т.Алимбекованын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы боюнча жасаган баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында аткарууга алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча тиешелүү Жобо иштеп чыгуу жана жергиликтүү тургундарга “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                              Абсатар уулу М.

 

 

 

 

Scroll to Top