Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

АРАВАН РАЙОНУ

 

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК

 КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АРАВАНСКИЙ РАЙОН

 

КЕРМЕ-ТООСКИЙ

АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                              II сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2026-жылдын 12-марты                               № 1/6                                            Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну Абжапаров Кыялбектин арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Чөгөм айылынын тургуну К. Абжапаровтун жазган  арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын                  №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуу укугу менен маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин                       80-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын                  34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин                                      VIII чакырылышынын кезексиз  II  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Чөгөм айылынын тургуну К. Абжапаровтун жазган арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотууга макулдук берилсин.
  2. Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотууга байланыштуу мыйзамдуулугун эске алып, иш кагаздарын даярдоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муницпалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                    Абсатар уулу Мунарбек

Scroll to Top