Араван районунун Керме-Тоо айыл окмоту

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү

Токтом №1-5

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

АРАВАН РАЙОНУ

 

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК

КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АРАВАНСКИЙ РАЙОН

 

КЕРМЕ-ТООСКИЙ

 АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                               II сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

           

2026-жылдын 12-марты                                 № 1/5                                         Гүлбаар айылы

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар  айылынын тургуну

Ташполот уулу Куштарбектин арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташплот уулу Куштарбектин жалпы жеке менчик 770,00 чарчы метр жеринен, 470,00 чарчы метр жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

  1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташполот уулу Куштарбектин жеке менчик турак жай жерин 470,00 чарчы метр жери идентификационный номери 5-02-04-1008-1786 коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
  2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташполот уулу Куштарбектин жеке менчик турак жай жерин 470,00 чарчы метр жери идентификационный номери 5-02-04-1008-1786 коммерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                              Абсатар уулу Мунарбек

 

Scroll to Top