| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ АРАВАН РАЙОНУ
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ АРАВАНСКИЙ РАЙОН
КЕРМЕ-ТООСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жылдын 12-марты № 1/4 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл аймагындагы борбордук маданият үйүн кароо жөнүндө.
Керме-Тоо айылдык кеңеши Гүлбаар айылынын борбордук маданият үйүн маданий-эстетикалык жактан өнүктүрүү жана жаштарга кыргыздын маданий баалуулуктарын таанытуу, келечек муундарга туура багыт көрсөтүү максатында, жергиликтүү жарандардын билдирүү, талаптарын угуп, талкуулап, жетекчиликке алып, талапка ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүү максатында, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
- Керме-Тоо айыл аймагындагы Гүлбаар айылынын борбордук маданият үйүн талапка ылайык келечек муундарды туура тарбиялоо демилгесин колдоо максатында мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу борбордук маданият үйүнүн иш аракеттерин уюштуруу жана документтик иш кагаздарын мыйзамга ылайык иштеп чыгуу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек