| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ АРАВАН РАЙОНУ
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ АРАВАНСКИЙ РАЙОН
КЕРМЕ-ТООСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2026-жылдын 12-марты № 1/6 Гүлбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну Абжапаров Кыялбектин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Чөгөм айылынын тургуну К. Абжапаровтун жазган арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуу укугу менен маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 80-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
- Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Чөгөм айылынын тургуну К. Абжапаровтун жазган арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотууга макулдук берилсин.
- Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотууга байланыштуу мыйзамдуулугун эске алып, иш кагаздарын даярдоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муницпалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу Мунарбек